Биз социалдык тармакта

Бишкектик дзюдочулар өлкө кубогунда 14 медаль жеңишти

8-10-май күндөрү Ош шаарында чоңдор арасында дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын Кубогу өттү. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан күчтүү спортчулар катышты.

Маалыматка ылайык, жекеме-жеке спорт түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары ийгиликтүү өнөр көрсөтүп, жалпысынан 14 медаль жеңип алышты.

1-орун ээлегендер:
• Кубанычбек Нургазы — 60 килограммга чейин;
• Жапаров Каныбек — 66 килограммга чейин;
• Мазур Никита — 73 килограммга чейин;
• Туратбеков Кайрат — 90 килограммга чейин.

2-орун:

• Абдыразаков Шамиль — 90 килограммга чейин;
• Сайдакматова Айдай — 70 килограммга чейин.

3-орун:
• Калыбеков Сейтек — 60 килограммга чейин;
• Адаминова Айгерим — 63 килограммга чейин;
• Раимбек уулу Умарбек — 73 килограммга чейин;
• Алмазова Айпери — 70 килограммга чейин;
• Адамбаева Аяна — 78 килограммдан жогору;
• Гордаев Иса — 90 килограммга чейин;
• Ырысдолотов Мухаммедали — 100 килограммга чейин.

Машыктыруучулар спортчулардын даярдыгын жогору баалап, алдыдагы эл аралык мелдештерде дагы жакшы жыйынтык көрсөтөрүнө ишеним билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан