Биз социалдык тармакта

Чүйдө архитектура башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министр Нурдан Орунтаев кол койгон. Ага ылайык, башкармалыктын начальниги болуп Замира Кангельдиева дайындалды.

Жаңы жетекчини эмгек жамаатына Шаар куруу жана архитектура департаментинин директорунун орун басары Талант Назарбеков тааныштырып, кызматтык ишине ийгиликтерди каалады.

Маалыматка ылайык, Замира Кангельдиева буга чейин Курулуш министрлигине караштуу департаменттердин биринде жетекчилик кызматты аркалап келген.

Ал эми бул кызматта иштеп келген Кубанычбек Кожобеков өз арызынын негизинде кызматтан бошотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан