Бишкек жылуулук электр борборунда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун катышуусунда көчмө жыйын өткөрүлдү. Жыйынга ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев да катышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө 2025/2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинин жыйынтыктары жана 2026/2027-жылкы жылытуу мезгилине даярдыктар каралды. Катышуучулар учурда жүрүп жаткан пландуу оңдоо иштерин жана ЖЭБдин өндүрүштүк объекттерин жеринде көрүп чыгышты.
Ошондой эле күл жана шлак калдыктарын кайра иштетүү долбоорунун жүрүшү менен таанышышты. Бул долбоор экологиялык абалды жакшыртууга жана топтолгон калдыктарды кайра пайдаланууга багытталган.
Жыйындын соңунда Эрлист Акунбеков тиешелүү кызматтарга оңдоо иштерин өз убагында жана сапаттуу бүтүрүүнү, жабдуулардын даярдыгын күчөтүүнү жана борбор калааны үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоону камсыз кылуу боюнча тапшырма берди.