Биз социалдык тармакта

Бишкекте жана аймактарда жүк ташуу боюнча ири алдамчылык схемасынын бети ачылды

Алдамчылыкка шектелген бир нече жаран кармалды. Алар мурда издөөдө жүрүшкөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, шектүүлөр жүк ташуу жана товар жеткирүү кызматтарын сунуштап, ишкерлердин ишенимине кирип алышкан. Андан соң жүктөрдү көздөгөн жерге жеткирбей, башка аймактарга алып барып мыйзамсыз сатышкан.

Ири учурлардын бири - 2025-жылы Екатеринбургдан Бишкекке алынып келинген 44 тонна арматура жоголуп, ишканага 1,8 миллион сом зыян келтирилген. Ошондой эле 2022-жылы курулуш материалдары да ушундай жол менен чыгарылып, 1,6 миллион сомдон ашык чыгым болгон.

Мындан тышкары 45 тонна арпа жеткирүү убадасы менен 180 миң сом алдын ала алынып, товар жеткирилбей калган.

Жалпысынан 18 арыз катталып, келтирилген зыян 24 миллион сомдон ашык деп бааланууда. Ошондой эле 2 жүк ташуучу унаа мыйзамсыз сатылганы аныкталды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан