Курулуш министри Нурдан Орунтаев курулуш компаниялары менен жолугушууда мыйзам талаптарын, коопсуздук эрежелерин жана шаар куруу нормаларын так сактоону эскертти. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Министр курулуш иштеринин жарандардын коопсуздугуна жана шаар инфраструктурасына зыян келтирбеши керектигин белгиледи.
Жолугушууда тармакты өнүктүрүү жана жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү маселелери да талкууланды.