Ош шаарындагы Имам-Ата жана 101-көчөлөрүнөн Т.Жумабаев көчөсүнө чейинки 1 чакырым жол реконструкцияланат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мэриянын маалыматына ылайык, Жибек-Жолу аймагында быйыл 2 мектеп, 1 сейил бак жана спорт аянтчалары курулат. Ошондой эле жол куруу долбоору этап-этабы менен улантылары айтылды.
Белгиленгендей, 2026-жылы Ош шаарына Президенттин турукташтыруу фондунан 1,2 миллиард сом бөлүнгөн.