Бишкекте ӨКМдин куткаруучулары өз жанын кыюуга аракет кылган жарандын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Чыгыш-5 кичи районунан белгисиз аял өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, куткаруучулар окуя болгон жерге ыкчам жетип барышкан. Алардын кесипкөйлүк жана ыкчам аракеттеринин натыйжасында жаран аман-эсен куткарылып, андан ары ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.