Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында баңгизат сактап жүргөн деп шектелип 3 жаран камакка алынды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалым болгондой, милицияга 6-майда шектүүлөр боюнча маалымат түшүп, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.
Козголгон кылмыш ишинин жүрүшүндө, Кара-Көл шаарынын аймагында бара жаткан эки скутер токтотулуп, текшерилген. Натыйжада 1990-жылы туулган К.Д., 2002-жылы туулган Ч.А., 2005-жылы туулган Х.Д. аттуу үч жарандан жалпы салмагы 42 килограмм 435 граммды түзгөн баңгизат табылып, ошондой эле шектүүлөрдүн жашаган даректерин тинтүү учурунда кошумча баңгизат, ок-дарылар жана башка буюмдар аныкталган. Табылган буюмдарга карата тиешелүү соттук-химиялык, соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды.
Шектүүлөр соттун чечими менен 2 айга камакка алынып, тергөө уланууда.