Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында Ситуациялык борбордо жумушчу кеңешме өткөрдү.
Президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдиргендей, анда өлкөнүн аймактарындагы макроэкономикалык жана социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр талкууланып, бюджеттин аткарылышы менен ири инфраструктуралык долбоорлордун жүрүшү көзөмөлдөндү.
Кеңешмеде Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы селдин кесепеттерин жоюу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, турак жайларга, жолдорго жана ирригациялык тармактарга келтирилген зыян бааланды. Өкмөт башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү жана материалдык чыгымдарды так эсептөө боюнча тапшырмаларды берди.
Касымалиев мамлекеттик программаларды көзөмөлдөөнү күчөтүп, Ситуациялык борбордун ишинин натыйжалуулугун арттырууну тапшырды.