Бишкек шаарында 12-майдан тартып Бөкөнбаев көчөсүнүн бир бөлүгүн оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Бөкөнбаев көчөсүндө Панфилов көчөсүнөн Республикалык ооруканадагы жол чыракка чейинки аралыкта жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлөт. Унаалардын өтүүсү үчүн көчөнүн бир тилкеси ачык калтырылат.
"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы шаар тургундарынан жол кыймылынын каттамын алдын ала пландап алууну суранат.