Мамлекеттик баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн операцияда чек ара кызматкеринин үйүнөн 21 кг 321 гр гашиш табылды. "Чалдыбар" чек ара көзөмөлүнүн көзөмөлдөөчүсү Кара-Балта шаарынын тургуну, 25 жаштагы Т.Энин үйүн тинтүү учурунда гашиш баңгизаты чыккан. Бул боюнча баңгизатка каршы күрөшүү кызматы бүгүн, 17-декабрда билдирди. "Көзөмөлдөөчүнүн үйүн тинтүүдө спорт баштыгында 50 даана пресстелген түрдөгү 21 килограмм 321 грамм гашиш табылды"- деп башкармалыктан кабарлашты. Баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгынан кабарлагандай, бул укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен баңгизат кармалган төртүнчү факт. Буга чейин Тажикстандын Ички иштер министринин кызматкери 6 килограмм героин, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери 1,24 грамм гашиш жана жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын көзөмөлдөөчүсү 131 грамм апийим менен кармалган. Учурда оперативдүү изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.