Сот Тимур Шабданбековдун баш коргоо чарасын өзгөрттү
Бишкектин Биринчи Май райондук соту УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбековдун бөгөт чарасын өзгөрттү.
Маалыматка ылайык, соттун чечими менен ал 13-июнга чейин үй камагына чыгарылды.
Айта кетсек, Шабданбеков Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесине шектелип кармалып, 13-июнга чейин камакка алынган болчу. Ал 10-февралда Камчыбек Ташиевдин отставкасынан кийин кызматтан бошотулган.