Биз социалдык тармакта

Түндүк айланма жолунун мурдагы жана азыркы көрүнүшү (видео)

Транспорт министрлиги Түндүк айланма жолунун мурдагы жана азыркы абалын чагылдырган видео жарыялады.
Маалыматта Түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөрү айтылат. Учурда Алмата – Бишкек – Ташкент жолунун 24,3 чакырымы жана Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 9,1 чакырымы толук жаңыланууда.
"Долбоордун алкагында 13 транспорттук түйүн каралган. Анын 11и жаңы курулуп, 2си капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Ошондой эле иштеп жаткан көпүрөлөр кеңейтилүүдө. Жол 6 тилкеге чейин, ал эми транспорттук түйүндөрдө 2+2 тилкеге чейин кеңейтилет. Жөө адамдарга жер үстүнөн өтмөктөр, 2,25 метрлик тротуарлар жана жолдун бардык тилкелеринде заманбап жарыктандыруу каралат",- деп айтылат билдирүүдө.
Түндүк айланма жолунун мурдагы жана азыркы көрүнүшү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан