Кечээ, 12-майда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ибрагим Жунусов 65 жылдык мааракесин жана чыгармачылыгынын 45 жылдыгын белгиледи. Ырчы замандаштарын жана күйөрмандарын Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында чогултту.
Алардын катарын көрүнүктүү маданият ишмерлери, саясатчылар жана экс-президент Сооронбай Жээнбеков да толуктады.