Биз социалдык тармакта

Экс-депутат Темирлан Айтиевдин атасы үй камагына чыгарылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Темирлан Айтиевдин атасы Тынычбек Айтиев үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук соту тастыктады.

Маалыматка ылайык, 12-майдагы Биринчи Май райондук сотунун токтому менен Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын жетекчисинин өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Соттун чечими менен Айтиевге карата 15-июнга чейин үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Бөгөт чарасы тандалганга чейин Тынычбек Айтиев убактылуу кармоочу жайда кармалып турган. Ал кылмыштуу топтун курамында алдамчылыкка катышкан деп шектелүүдө.

Эске салсак, кечээ, 12-майда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиевдин ыйгарым укуктарын анын арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан