Жогорку Кеңештин депутаты Жайлообай Нышанов аткаруу бийлигинен чет мамлекеттин номурундагы унааларды мыйзамдаштыруу маселесин кароону суранды.
Ал бул боюнча шайлоочулар кайрылып жатышканын айтты.
"Орусиядан, Абхазиядан келген унаалардын каттоосун дагы узартып берүүнү суранып жатышат. Ушул маселени эске алып койсоңуздар. Бардыгы келип эле акча каражатына токтолот экен. Ошол себептен убагында каттоодон өткөрө албай калгандар бар",- деди эл өкүлү парламенттин 13-майдагы жыйынында.
Айта кетсек, өлкөгө мыйзамсыз кирген унааларды легалдаштыруунун экинчи мөөнөтүн баштоо маселеси байма-бай көтөрүлүп келет. Апрель айында өлкө башчы Садыр Жапаров чет элдик номурдагы унааларды мыйзамдаштыруу иштери жүргүзүлөрүн билдирген.