
Бишкек шаарында уурулукка шектүү жаран кармалганын 13-майда Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-мартта белгисиз жаран шаардагы кафелердин биринде К.Н. аттуу жарандын кол сумкасынан 90 миң сом акча каражатын уурдоого шектелип жатканы айтылат.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1997-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.