Биз социалдык тармакта

Парламентте Баткенди Өзбекстандан бөлүп турган дарыя маселеси көтөрүлдү

Бүгүн, 13-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыяр Калпаев Баткенди Өзбекстандан бөлүп турган Кожошкен дарыясынын жээгин бекемдөөнү сунуштады.

Ал коңшу мамлекет дарыянын өз тарабына караштуу жээгин бекемдегенин белгилеп, Кыргызстан тарапта бекемдөө иштерин жүргүзүү муктаждыгы бар экенин айтты.

"Жээк желген сайын жерибиз азаят. Ошол жерде күрүч өстүргөн жарандарыбыз жерлеринен айрылышат. Буга өзгөчө маани берип, аткарыла турган иштерге тезинен акча каражатын бөлүш керек",- деди эл өкүлү.

Парламентте Баткенди Өзбекстан менен бөлүп турган дарыя маселеси көтөрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан