
Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы алдынкы жылдары эң белгилүү туристтик жайга айланат. Афрейм үйлөр, ресторандар, сейилдеп жүрчү жолдор куруларын президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы
Дайырбек Орунбеков билдирди.
Ал белгилегендей, бүгүн, 13-майда ал жерге президент Садыр Жапаров барды.
"Суу сактагыч 1965-жылы курулган, толгон кезде суу токойду басып калат. Мына ошонусу менен кызыктуу, учурда бактарга уялаган ар кандай канаттуулар балапан чыгарып учурган мезгили. Март айынан июндун ортосуна чейин туристтердин көңүлүн буруп, кошуна мамлекеттерден бери келип сүрөткө түшүп кетишет. Буга чейин жеке адамдар тейлөө кызматтарын көрсөтүп, жетиштүү деңгээлде шарты жок болчу. Бүгүн президентибиз Садыр Нургожоевич өзү келип көрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга элге жана туристтерге шарт түзүп, көркүнө келтиргиле деген тапшырма берди",- деди Орунбеков.