
Ош облусунун Кара-Суу районунда Савай каналына түшүп кеткен 25 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыздын сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 11-майда түшкөн. 11-12-май күндөрү издөө иштерине өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 12 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 170 адам, жалпы 197 адам тартылган.
Бүгүн кошумча издөө иштерине ӨКМден жалпы 32 куткаруучу жана 215 адам тартылды. Кошумча маалымат берилет.