Биз социалдык тармакта

"Элдин ачуусу келгени ушул да". Элвира Сурабалдиева өкмөткө кайрылды

Бүгүн, 13-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева аткаруу бийлигин эл өкүлдөрүнүн каттарына көңүл бурууга чакырды.

Анын айтымында, өзүнө жарандардан келген каттарды Министрлер кабинетине жөнөтсө, ал жактан башка мамлекеттик органдарга жиберилип, акыры кат кайра артка кайтарылып калган учурлар көп.

"Элди жүдөтпөй эле койсоңор жакшы болмок. Элдин ачуусу келгени ушул да. Мага кайрылган жарандарды кат түрүндө кайрылууга көндүрөм, анан алардын катын өкмөткө кетирсек, артка кайтарылып калып жатат. Мен дагы ыңгайсыз абалда калуудамын",- деди эл өкүлү.

"Элдин ачуу келгени ушу да". Элвира Сурабалдиева өкмөтка кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан