Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев парламенттин 13-майдагы жыйынында Балыкчы шаарына жогорку окуу жай ачууну сунуштады.
"Президентибиз Садыр Жапаров дагы 2027-жылдын сентябрь айынан баштап студенттерди ротациялоо жүргүзүлөт деп айтты эле. Менимче, Балыкчы шаарына жогорку жайын ачсак жакшы болот. Анткени түндүк-түштүк альтернативдик жолу пайдаланууга берилет, буюрса. Ошондо Жалал-Абаддан, Оштон, Баткенден, Нарындан келип окушат эле",- деди депутат.