Мас абалында унаа башкаруу менен жол эрежелерин бузган айдоочулардын жазасын жеңилдетүү же мунапыс берүүнү жокко чыгаруу сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаттары Болот Ибрагимов менен Улан Жаанбаев иштеп чыкан мыйзам долбоору парламенттин сайтындагы коомдук талкууга коюлду.
Документте алкоголдук ичимдиктерди же баңгизат колдонуу менен унаа башкарып, жол кырсыгына учураган учурлар көбөйүп жатканы белгиленет. Андыктан долбоордо аларга карата кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү, жазадан бошотпоо жана абактан мөөнөтүнөн мурда чыгарбоо сунушу жазылган. Бул өз кезегинде жарандардын ден соолугуна зыян алып келген же өлүм менен коштолгон жол кырсыктарынын санын азайтат дешет авторлор.
Документтин негиздемесинде 2021-жылдан 2026-жылдын апрель айына чейин мас абалында жол эрежесин бузган 145 адам соттолгону айтылат. Анын 18ине мунапыс берилсе, 94үнө пробация колдонулган жана 5и мөөнөтүнөн мурда бошотулган.