Биз социалдык тармакта

Оштогу Сары-Зоо участкасында заманбап мектеп курулууда

Ош шаарынын Сары-Зоо участкасында жаңы, заманбап мектептин курулушу жүрүп жатат. Курулуш министрлиги билдиргендей, каржылоо мамлекеттик казынадан каралган.
Башкы планга ылайык, мектептин жалпы аянты 4215 чарчы метрди түзүп, имарат 5 блоктон турат.
"Курулуш иштеринде бардык техникалык талаптар жана курулуш нормалары так сакталууда. Ошондой эле аткарылып жаткан иштердин ар бир этабы тиешелүү көзөмөлдөн өткөрүлөт. Учурда курулуш аянтчасында эки нөөмөт менен 70 куруучу эмгектенүүдө. Үч кабаттуу мектеп пайдаланууга берилгенден кийин 1000ден ашык окуучу заманбап шартта билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот",- деп белгиленген маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан