Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди иш бөлмөлөрүндө костюм, галустуксуз, көйнөк менен отурууга чакырды.
Ал жеңил кийинүү менен ысыкта аба муздаткычты иштетпей эле койсо болот дейт. Өкмөт башчы мындай тажрыйба менен Япония электр энергиясын үнөмдөөгө жетишкенин мисал кылды.
"Япония жайында электр энергиясы көп сарпталып жаткандыктан мамлекеттик кызматкерлердин формасын өзгөрткөн. Кызматкерлер көйнөкчөн келе баштаганда миллиардаган иен (Япониянын акча бирдиги) үнөмдөлгөн экен. Күн ысыкта костюм менен отургандар аба муздаткычты иштетип алышат",- деди ал.
Видео: Sputnik_Kyrgyzstan