Биз социалдык тармакта

Казанда Евразия өнөктөштүгү жана ислам дүйнөсү менен кызматташтык талкууланат

14-майда Казань шаарында өтө турган XVII эл аралык экономикалык форумдун алкагында “Чоң Евразия өнөктөштүгү: өнүгүү стратегиясы” аттуу атайын сессия уюштурулат. Иш-чара “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборунда өтөт.

Сессияны Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, “Орусия – Ислам дүйнөсү” стратегиялык көрүү тобу, Евразиялык кызматташтыктын эл аралык уюму жана башка мекемелер биргелешип өткөрөт.

Талкууга Орусиянын жана чет өлкөлөрдүн дипломаттары, интеграциялык бирикмелердин өкүлдөрү, окумуштуулар, мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер жана журналисттер катышат.

Жыйындын негизги темасы Орусия президенти Владимир Путин сунуштаган Чоң Евразия өнөктөштүгү демилгеси болмокчу. Уюштуруучулардын айтымында, бул жаңы эл аралык уюм эмес, ар түрдүү мамлекеттер менен бирикмелердин кызматташтыгын күчөтүүгө багытталган аянтча катары каралат.

Анын алкагында Евразия экономикалык биримдиги, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, БРИКС, Шанхай кызматташтык уюму, Кытайдын “Бир алкак — бир жол” долбоору жана Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү көздөлөт.

Сессияда Чоң Евразия өнөктөштүгүнүн узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясы, ислам дүйнөсүнүн ролу, ошондой эле аймактык кызматташтыктагы улуттук кызыкчылыктар менен туруктуу өнүгүү максаттарын айкалыштыруу маселелери талкууланат.

Мындан тышкары Евразия экономикалык биримдигине, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине, БРИКСке, Шанхай кызматташтык уюмуна жана Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара кызматташуу жолдору дагы каралат.

Жыйындын модератору болуп дипломат, саясат таануу илимдеринин доктору Фарит Мухаметшин иш алып барат.

Уюштуруучулар бул жыйын ар кайсы мамлекеттердин ортосундагы байланышты бекемдеп, Чоң Евразия өнөктөштүгүнүн келечектеги өнүгүү жолдорун аныктоого көмөк болот деп эсептешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан