Биз социалдык тармакта

Өлкөдө 7 миңден ашык студентке 9 жатакана куруу пландалууда

Кечээ, 12-майда өкмөт башчы Адылбек Касымалиев студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жана студенттик жатаканаларды куруу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешмеде илим жана жогорку билим берүү министри Гүлзат Исаматова өлкөдөгү студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүк программасын көрсөттү. Ага ылайык, өлкөнүн 5 облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында 7 миңден ашык орунга ылайыкталган 9 жатакана куруу пландаштырылууда.

Кеңешменин жүрүшүндө аталган программаны ишке ашыруу, каржылоо жана студенттер үчүн тиешелүү инфраструктураны түзүү маселелери талкууланды.

Белгиленгендей, учурда студенттик жатаканаларды куруу боюнча жер тилкелери аныкталып, инженердик-изилдөө иштери аткарылып, долбоор алдындагы жана архитектуралык чечимдер иштелип чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан