Биз социалдык тармакта

Манас шаарында 5200 орундуу спорт сарайы курулууда

Курулуш министрлиги кабарлагандай, Манас шаарында 5200 орундуу заманбап борбордук спорт сарайынын курулушу жүрүүдө.
Башкы планга ылайык, имараттын жалпы аянты 2,5 гектарды түзөт. Анда төрт кабаттуу административдик имарат, бассейн, машыгуу аянтчалары, VIP коноктор үчүн атайын орундуктар, жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн аянтча, медициналык пункт, тамактануучу жана унаа токтотуучу жайлар каралган.
Курулуш-монтаждоо иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы аткарууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан