Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында шаардагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алгач ал №23 орто мектептин жаңы имаратынын курулушун текшерип, долбоордун абалы менен жеринде таанышты. 700 окуучуга ылайыкташкан үч кабаттуу мектепте заманбап окуу кабинеттери, лабораториялар (химия, физика, биология), компьютердик класстар, медициналык блок, китепкана, ашкана, актовый зал жана спорт зал каралган. Ошондой эле кошумча билим берүү жана чыгармачылык үчүн атайын бөлмөлөр пландалган.
Мектептин аймагында спорттук инфраструктура да курулууда: кичи-футбол аянтчасы, баскетбол-волейбол аянтчасы, воркаут зонасы жана балдар үчүн оюн аянтчалары жайгашат.
Андан соң Адылбек Касымалиев Кожомкул атындагы Спорт сарайын реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн да текшерди. Бул долбоор эки этап менен ишке ашат: биринчи этапта бассейн жаңыртылат (2026-жылга чейин), ал эми экинчи этапта ден соолукту чыңдоо борбору жана концерттик зал капиталдык оңдоодон өтөт (2026–2027-жылдар). Учурда бассейнди куруу иштери жүрүп жатат.
Иш сапардын жыйынтыгында ал тиешелүү мамлекеттик органдарга курулуш иштеринин сапатын жана мөөнөтүн катуу көзөмөлдөөнү, бардык иштерди өз убагында жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды. Долбоордун алкагында ал журналисттердин суроолоруна да жооп берди.