
Чолпон-Ата шаарында бейбаштыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 27 жаштагы жаранды базарда сабап, бычак менен коркуткан. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү уюшкан кылмыштуу топтун идеологиясын колдоп келгени аныкталды. Анын унаасынан бычак табылган. Учурда тергөө иштери уланууда.