Биз социалдык тармакта

Орусияда кыргызстандык жарандын сөөгү табылды

Орусиянын Новосибирск шаарында 29 жаштагы кыргызстандык жаран каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрлик жарандын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшөрү менен тиешелүү иштер жүргүзүлгөнүн белгилейт. Натыйжада маркумдун сөөгү Новосибирск облустук клиникалык ооруканасынан табылып, өздүгү аныкталган. Ал Оштун Кара-Суу районунун тургуну.

Маалыматта учурда маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан