
Бишкектеги Ататүрк паркы заманбап эс алуу, спорт жана сейилдөө аймагына айланат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, парк аттракциондорсуз, тынч эс алууга жана спорт менен машыгууга ылайыкташтырылат. Ал жакка йога менен машыгуу үчүн атайын аянтча, шахмат зонасы, узундугу болжол менен 3 чакырымды түзгөн веложолдор жана воркаут аянтчалары курулат. Бак-дарактарды сактап калуу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.
"Паркка 5 гектар жер кайтарылып берилип, ал жерде да көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тилкеде ооган согушунун ардагерлерине арналган музей жана сейилдөө аймагы курулары пландалууда.
"Бермет" кафеси бекитилген дизайн-кодго ылайык, ээлери тарабынан реконструкцияланат. Парктын айланасына жарык берүүчү мамыларга жана кесилиштерге видеокөзөмөл камераларын орнотуу пландалууда",- деп айтылат маалыматта.