Алай районунун Согонду айылында европалык технология менен форель өстүрүлүүдө. Бул тууралуу 14-майда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, форель балыгынын уруктары Дания, Испания жана Түркия мамлекеттеринен алынып келет. Жылына 500 миң даана икра өндүрүлөт. Ал эми балыктын жеми Ирандан, Европа өлкөлөрүнөн ташылып келет.
Чарбада орточо салмагы 1 килограммдан 3 килограммга чейинки болжол менен 20 миң тонна форель балыгы өстүрүлүүдө. Учурда өндүрүлгөн продукция ички рынокто гана сатылууда.