Биз социалдык тармакта

Чүйдө карызын төлөбөй жүргөн жаран кармалды

Чүй облустук милициясы алдамчылыкка шектелген 49 жаштагы жаран кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 2023-жылы аял кишиден 326 тонна жүгөрү сатып алып, ага 6000 доллар жана 1 миллион 800 миң сом берген. Калган сумманы кийинчерээк берүүнү убадалап, бирок ушул убакка чейин 3 миллион 801 миң сом карызын бербей келген.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан