Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык, орусиялык, казакстандык окуучулар сүрөт тартып жарышышты

Нарын шаарында "Көчмөн малчылардын дүйнөсү" аттуу эл аралык сүрөт сынагы өттү. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, сынакка Кыргызстандын, Орусиянын жана Казакстандын мектеп окуучуларынын 100дөн ашык эмгектери катышкан. Жеңүүчүлөргө дипломдор, ыраазычылык каттар жана баалуу белектер тапшырылган. Ал эми мыкты эмгектер эл аралык көчмө көргөзмөнүн негизин түзөт.
"Сынактын негизги максаты - Жайыт жерлеринин эл аралык жылына карата өсүп келе жаткан муундун көңүлүн көчмөн маданиятына, жерге аяр мамиле кылуу философиясына буруу жана кылымдардан бери муундан муунга өтүп келген уникалдуу маданий мурасты сактап калуу болуп саналат",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан