Бишкекте 6 көрүстөн маркумдарды жерге берүү үчүн жабылды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Шаар бийлиги мындай чечим көмүү жайларын тейлөөдө санитардык жана экологиялык талаптарды сактоо, ошондой эле жаңы сөөк коюу үчүн бош жерлердин жоктугуна байланыштуу кабыл алынганын маалымдады.
Сөөк коюуга тыюу салынган мүрзөлөр бул жерлерде:
- Ыбырайым Абдрахманов жана Абдрашит Бердибаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
- "Энесай" конушунда, Орхон жана Энесай көчөлөрүнүн кесилишинде;
- "Көк-Жар" конушунда, Достоевский жана Арстанбап көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Орто-Сай айылында, Мамбет Иманалиев көчөсүндө;
- Лермонтов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Төмөнкү Ала-Арча айылында, Кыргыз көчөсү менен Түндүк айланма жолунун кесилишинде.