Жумгалдагы белгилүү инсандардын айкелдеринин бузулушу коомчулуктун сынына кабылды
Нарын облусунун Жумгал районунда тарыхый жана маданий инсандардын айкелдери бузулуп, жерде чачылып жатканын бүгүн, 14-майда журналист Элнура Кулиева Фейсбук баракчасынан жарыяланды.
Анын маалыматына караганда, Калкты тейлөө борборун куруу максатында аймактагы эстеликтер демонтаждалган. Сөз болуп жаткан айкелдер Качыке баатыр, Байзак баатыр, Куйручук олуя, Кожомкул, Бүбүсара Бейшеналиева, Калык Акиев, Мидин Алыбаев, Таттыбүбү Турсунбаева жана Мыскал Өмүркановага арналып тургузулган.
Журналист бул көрүнүштү “маданий баалуулуктарга жасалган кайдыгер мамиле жана вандализм” деп атап, мындай аракеттер коомдук нааразылык жаратарын белгиледи. Ал маданий мурасты сактоо бийликтин көзөмөлдө болушу керектигин да кошумчалады.
Ал эми Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы айкелдер Чаек айылынын борбордук паркына көчүрүлөрүн билдирип, учурда оңдоп-түзөө иштери үчүн тендер жарыяланганын маалымдады. Ошондой эле, Калкты тейлөө борборунун курулушу айылдык кеңештин макулдугу менен ишке ашып жатканын белгиледи.