Бишкекте 25-январь күнү "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер актрисасы" наамынын ээси Марал Койчукараева 24 жаш курагын дос-курбуларынын курчоосунда белгиледи. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
Актрисанын айтымында, ал мүчөл жашын борбордогу кафелердин биринде белгилеп, ага жакын курбулары катышты. “Мен ырым-жырымдарга ишенем. “Мүчөл жашта кызыл кийиш керек” деп ата-энем туулган күн алдында кызыл түстөгү кийимдерди белек кылышкан” дейт Марал Койчукараева.