Бүгүн, 14-майда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту.
Анда тургундар тарабынан үйү "снос" болгондорго кенемте төлөө маселелери көтөрүлдү.
Шаар мэри жашоочулардын суроолоруна "Буга чейин 1250 турак үй, 550 коммерциялык объект бузулган. Жакынкы күндөрү жерди трансформациялоо иштери бүткөндөн кийин сиздерге мыйзамдуу түрдө бөлүп беребиз. Эки айдын тегерегинде "компенсация" иштерин чечип бүтөбүз", - деп билдирди.