Нарын районунун Туюк-Суу тилкесинде текени мыйзамсыз аткандар кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын инспекторлору жана Нарын мамлекеттик коругунун кызматкерлери биргелешкен рейд учурунда браконьерлерди кылмыш үстүндө кармашты. Алардан курал-жарак жана союлган жаныбардын эти алынды.