Бишкек–Ош унаа жолунда эки жеңил унаа сүзүшүп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, каргашалуу окуя Аксы районунун Разан-Сай айылында болду. Анда Kia K5 үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып кетип, Kia Cerato менен сүзүштү. Kia Cerato унаасынын жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болгон.
Бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.