Бишкек шаарында таштанды чыгаруу системасын жакшыртуу максатында заманбап контейнердик аянтчалар орнотула баштады. Бул тууралуу шаар мэринин орун басары Рамиз Алиев социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, билдирди.
Анда ал жаңы аянтчалардын бирин көрсөтүп, 2026-жылдын аягына чейин шаар боюнча 30 заманбап таштанды чыгаруучу аянча орнотуларын айтты.
Ошондой эле шаар тургундарын кагаз, пластик жана башка таштандылардын түрлөрүн өзүнчө чогултууга чакырды.