Кыргызстан менен Кытай курулуш тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо багытында жаңы кадам жасашты. Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов жана министрликтин адистери Үрүмчү шаарына болгон иш сапарынын алкагында Синьцзян Курулуш илим изилдөө институту менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Синьцзян Курулуш илим изилдөө институтунун төрайымы Чень Ниннин жетекчилиги алдында өттү. Анда тараптар курулуш тармагындагы тажрыйба алмашуу, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана кытайлык өнөктөштөрдүн Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорго катышуусу боюнча келечектүү багыттарды талкуулашты.
Бул меморандум Кыргызстан менен Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун ортосундагы курулуш жана шаар куруу тармагындагы байланыштарды бекемдөөдөгү маанилүү кадам катары бааланууда. Документ өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, адистердин тажрыйба алмашуусуна жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.
Жолугушуудан кийин делегация Синьцзяндагы биринчи нөлдүк энергия керектөөчү демонстрациялык имаратка жана курулуш илимий-өндүрүштүк лабораториялык комплексине барып, заманбап технологиялар менен таанышты.