Нарын шаарына кире бериштеги чоң көпүрөнүн оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу 14-майда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул тапта жолдогу аң-чөнөктөр жамоо жумуштары аткарылууда. Жакынкы күндөрү көпүрөнү толук коопсуз абалга келтирүү үчүн жалпы сметасын даярдап, талапка ылайык технологиялар менен иштер аткарылат.