Бүгүн Бишкек шаарында 2017-2026-жылдары Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылган "Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу жана алдын алуу" долбоорунун жыйынтыгын чыгарууга арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйынга Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сироко Мессерли, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, медицина коомчулугу жана өнөктөш уюмдар катышты.
Долбоорду ишке ашыруунун сегиз жылынын ичинде жугуштуу эмес оорулардан улам мезгилсиз өлүмдү азайтууга олуттуу салым кошулганы белгиленди. 2018-жылдан 2026-жылга чейин DALY көрсөткүчү - мезгилсиз өлүм жана майыптык себептүү жоготулган өмүр жылдары - орточо 29 пайызга төмөндөгөн.
Мындан тышкары, өлкө боюнча 92 миңден ашык мезгилсиз каза болуунун алдын алууга мүмкүн болду. Бул болжол менен 44,8 миллиард сом көлөмүндөгү экономикалык жоготуулардын алдын алууга шарт түзгөнү айтылды. Адистер бул көрсөткүчтөр саламаттык сактоо тармагындагы реформалардын жана эл аралык кызматташтыктын натыйжалуу экенин көрсөтөрүн белгилешти.