Биз социалдык тармакта

Ошто 73 жаштагы таксисттин денеси талаадан табылды. Шектүү кармалды

Ош шаарында таксисттин өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-майда саат 19:30 чамасында Алымбек датка жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Jazz үлгүсүндөгү унаа үйдүн тосмосун сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаа 1953-жылы туулган А.А.га таандык экени аныкталды. Ал такси кызматын аркалагандыктан, ошол эле күнү саат 18:00 чамасында азият улутундагы 25–30 жаштар чамасындагы эркек киши аны жалдап кеткен. Кийин айдоочу дайынсыз болуп, издөө иштери башталган. Анын сөөгү 10-майда талаадан табылган.

Аталаган окуя боюнча шектүү интернет-кафелердин биринен кармалды. Ал 1998-жылы М. уулу Ш. экени маалым болду.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү мас абалында унааны тартып алып, сатуу максатында таксистти өлтүргөнүн моюндаган. Бирок пландалган аракеттер ишке ашпай, унаа кырсыкка кабылган.

Шектүү 2 айга камалды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 122–беренесинин 2-бөлүгү (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан