Бишкек шаарында 11–13-май күндөрү таэквон-до ГТФ боюнча Кыргыз Республикасынын X юбилейлик чемпиондугу жана биринчилиги болуп өттү.
Маалыматка ылайык, мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышып, хъёнг, массоги, поинт-стоп спарринг, күч менен сындыруу жана атайын техника боюнча күч сынашты. Ошондой эле командалык хъёнг, жуптук хъёнг, командалык массоги жана тэг-тим спарринг багыттары да өткөрүлдү.
Жалпы командалык эсепте:
1-орун — “Газпром” спорт клубу
2-орун — “Капкан” клубу
3-орун — “Дельта” клубу
Машыктыруучуларга да акчалай сыйлыктар тапшырылып, эң мыкты адистерге 100 миң сомго чейин сый акы ыйгарылды.