Биз социалдык тармакта

Ошто Жапалак аймагын өнүктүрүү иштери уланууда

Бүгүн, 14-май күнү Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Анда жергиликтүү эл аймактагы көйгөйлөрдү жана сунуштарын көтөрдү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, тургундар Мээркан айылындагы ички жолдорду асфальттоо, Көкүм-Бий көчөсүнүн кызыл сызыгын тактоо, жашыл аймактарды сактоо жана башкы планга байланышкан маселелерди айтышты. Ошондой эле таза суу, электр энергиясы жана канализация тармактарына байланыштуу көйгөйлөр дагы көтөрүлдү.

Шаар мэри ар бир маселе тиешелүү кызматтар менен биргеликте этап-этабы менен чечилерин билдирди. Анын айтымында, учурда Жапалак аймагында үч мектеп, бир бала бакча жана үч кичи футбол аянтчасы курулуп жатат.

Мындан тышкары жыл аягына чейин айрым айылдардагы таза суу маселесин чечүү иштери аяктаары маалымдалды. Шаар бийлиги инфраструктураны өнүктүрүү жана социалдык объектилердин санын көбөйтүү багытындагы иштерди улантарын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан