Ош облусунун Алай районуна караштуу Таш-Кыя айылында К.Тайчабаров атындагы мектептин курулушу дээрлик аяктады.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, учурда имараттын ички жасалгалоо, сырдоо иштери жүрүп, айланасына брусчатка төшөлүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы баасы 77 миллион сомду түздү.
Жаңы мектеп 150 окуучуга ылайыкталып, анда заманбап окуу класстары, китепкана, ашкана, лаборатория, компьютердик класс жана жыйындар залы каралган.
Маалыматка ылайык, окуучулар жаңы окуу жылынан тарта жаңы мектепте билим ала башташат.
Курулуш иштери бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүп, объект тиешелүү мамлекеттик көзөмөлдө курулду.
Долбоор аймактагы социалдык инфраструктураны жакшыртып, балдардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүүгө багытталган.