Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин Коомдук кабылдамасында жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки саатка созулган кабыл алуу учурунда Бишкек шаарынан жана аймактардан келген 45ке жакын жаран жеке жана коомдук мүнөздөгү көйгөйлөрүн айтышты.
Негизинен укук коргоо, сот, саламаттыкты сактоо, турак жай жана жер маселелери көтөрүлдү. Айрым кайрылуулар жазуу түрүндө кабыл алынса, кээ бир маселелер боюнча төрага тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилерине жеринде байланышып, тапшырмаларды берди.
Марлен Маматалиев ар бир кайрылуу көзөмөлдө болорун белгилеп, жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү парламенттин негизги милдеттеринин бири экенин айтты.
Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин Коомдук кабылдамасы жаңыланып, жасалма интеллектке негизделген заманбап технологиялар киргизилгенин билдирди. Эми жарандардын оозеки кайрылуулары да система аркылуу текстке айландырылып, тиешелүү депутаттарга жөнөтүлөт.